Google One кызматынын Кошумча Тейлөө шарттары
Соңку өзгөртүү: 2025-ж., 11-ноябрь |Google One кызматын пайдалануу үчүн (1) Google'дун Тейлөө шарттарын жана (2) Google One'дын кошумча тейлөө шарттарын ( “Кошумча шарттарын”) кабыл алышыңыз керек. Бул Кошумча шарттарда аныкталбаган терминдер Google'дун Тейлөө шарттарында түшүндүрүлгөн.
Бул документтер менен кылдат таанышып чыгыңыз. Эки документ биригип, “Шарттар” деп аталат. Анда кызматтарыбызды пайдалануу эрежелери жана Google'дун укук жана милдеттери келтирилген.
Мындан тышкары, маалыматыңызды жаңыртуу, башкаруу, экспорттоо жана өчүрүү тууралуу кененирээк билүү үчүн Купуялык эрежелерибизди окуп чыгууну сунуштайбыз.
1. Кызмат тууралуу
Google One катталуусу Gmail, Google Фото жана Google Drive кызматтарында акы төлөнүүчү сактагычы камтылган тарифтик пландарды, анын ичинде Google же үчүнчү тараптар тарабынан бир катар артыкчылыктарын сунуштайт. Ошондой эле, Google One иштеп чыккан айрым ЖИ функцияларына мүмкүнчүлүк ала турган акы төлөнүүчү пландар жана ЖИ бонустары сунушталат. Google же үчүнчү тараптардын тарабынан сунушталган артыкчылыктар аларга тийиштүү тейлөө шарттарына ылайык колдонулат. Айрым артыкчылыктар кээ бир өлкөлөрдө колдонууга болбойт жана чектелиши мүмкүн. Кеңири маалымат алуу үчүн Google One'дын Жардам борборуна өтүңүз.
Google One кызматы Google'дун Тейлөө шарттарында көрсөтүлгөн Google мекемеси тарабынан сунушталат. Google One кызматына катталуу же ЖИ бонустарын сатып алганда, Google мекемеси (2-бөлүмдү көрүңүз) же үчүнчү тарап менен өзүнчө соода-сатык келишимин түзөсүз. Google One кызматына катталуу үчүнчү тарап же өнөктөш компания аркылуу катталсаңыз, катталууну алардын кошумча шарттарына ылайык колдонулушу керек.
ЖИ бонустары
ЖИ функцияларында сурамдарыңызды иштетүү жана аткаруу үчүн ЖИ бонустарын сарптай аласыз. Белгилүү бир сурамды (мисалы, видеону түзүү) аткаруу үчүн талап кылынган бонустар товарда же функцияда көрсөтүлөт. Google компаниясы ЖИ функциясын колдонууга зарыл болгон бонустардын акысын өзгөртүп коё алат. ЖИ бонустарды Google маал-маалы менен сунуштаган айрым ЖИ функцияларында гана мүмкүнчүлүк алуу үчүн колдонууга болот.
Шарттарда көрсөтүлгөндөй, ЖИ бонустары белгилүү бир мөөнөттөн соң жараксыз болуп калат.
Эгер бул Шарттарда айтылбаса, сиз ЖИ бонустарына карата эч кандай укукка ээ эмессиз. ЖИ бонустарын башка колдонуучуга же аккаунтка сатууга, өткөрүп берүүгө жана ушундай аракеттерди кылууга тыюу салынат. ЖИ бонустарын сатып алсаңыз, белгилүү бир ЖИ функцияларын колдонуу үчүн алдын ала төлөйсүз. ЖИ бонустары санариптик валюта, баалуу кагаздар, товар же башка каржылык курал болуп эсептелбейт жана алар эч кандай акчага алмаштырылбайт. ЖИ бонустары Google экосистемасынын алкагындагы ЖИ функцияларын пайдалануу үчүн гана колдонулушу мүмкүн. Google One тарифтик планыңыз убактылуу топтотулуп же жокко чыгарылса, колдонулбаган ЖИ бонустары төлөмдү кайтаруу эрежелерине ылайык жокко чыгарылат.
ЖИ бонустары менен бул жерден таанышып чыгыңыз.
2. Сатып алуу жана төлөө
Google One катталуңуздун мөөнөтү чектелбейт, андыктан аны токтотмоюнча катталууңуздун шарттарына ылайык (мисалы, айына, жылына бир жолу же башка мезгил аралыгында) ар бир эсептешүү мерчим сайын төлөм алына берет.
Google One катталуусун же ЖИ бонустарын сатып алганда, сатуучунун өзүнчө шарттары колдонулат. Мисалы, Google One катталуусун же ЖИ бонустарын Google Play Store аркылуу сатып алганда, ага Google Play'дин Пайдалануу шарттары колдонулат.
Google Play Store аркылуу Google One катталуусун же ЖИ бонустарын төмөнкү мекемелер аркылуу сатып алынат:
- Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка кардарлары үчүн: Google Commerce Limited
- Индиянын кардарлары үчүн: Google Ireland Limited
- Калган Азия жана Тынч океан аймактагы кардарлар үчүн: Google Digital Inc.
- Кошмо Штаттардагы жана дүйнөнүн калган бөлүгүндөгү кардарлар үчүн: Google LLC.
Google One катталуусун же ЖИ бонустарын үчүнчү тарап же өнөктөш компания аркылуу сатып алганда, алар төлөмгө байланыштуу маселелерди, анын ичинде кызматты токтотуу жана төлөм кайтарууларды өз колуна алат.
Эгер ал мекеме Google One'дын катталуу акысын сизден ала албаса, төлөм ыкмаңызды жаңыртмайынча Google One кызматын колдоно албай каласыз. Эгер эскертүүнү алгандан соң төлөм ыкмаңызды убагында жаңыртпасаңыз, Google One'га кирүү мүмкүнчүлүгүңүздү токтотуп же биротоло өчүрүшүбүз мүмкүн.
3. Баалар жана атайын сунуштар
Атайын сунуштар. Google One кызматын акысыз сыноого мүмкүнчүлүгүн маал-маалы менен сунушташыбыз мүмкүн. Эгер сыноо мүмкүнчүлүгүн камтыган Google One катталуусун сатып алган болсоңуз, сыноо мезгилинин ичинде Google One кызматын колдоно бересиз. Эгер сатуучуга учурда иштеп жаткан төлөм ыкмасын көрсөткөн болсоңуз, сыноо мезгилинин аягында жана мыйзам ченине ылайык, катталуудан баш тартмайынча ар бир эсептешүү мезгил сайын катталуунун акысы сизден автоматтык түрдө алынып турат. Акы төлөгүңүз келбесе, сыноо мезгилинин ичинде катталуудан баш тартыңыз. Ошондой эле Google One кызматына арзандатууларды маал-маалы менен сунушталышы мүмкүн. Бул атайын сунуштарга карата кошумча шарттар жана жоболор, анын ичинде колдонуучуга коюлган талаптар колдонулушу мүмкүн, бирок кошумча шарттарды сатып алуунун алдында карап чыга аласыз. Атайын сунуштар тыюу салынган же мыйзам тарабынан чектелген жерлерде иштебейт.
Баалардагы өзгөрүүлөр. Инфляцияны, тийиштүү салыктардын, жарнамалык сунуштардын, ошондой эле Google One кызматынын жана бизнес муктаждыктарынын өзгөрүшүн чагылдыруу үчүн Google One катталууларынын же ЖИ бонустардын баалары маал-маалы менен өзгөрүп турушу мүмкүн. Google One катталуулардын бааларына киргизиле турган өзгөрүүлөр учурдагы төлөм мөөнөтү аяктап, кийинки төлөм мөөнөтү башталганда күчүнө кирет. Сизден акы алынардан мурун баанын көтөрүлгөндүгү тууралуу кеминде 30 күн мурун кабар беребиз. Эгер 30 күнгө жетпеген мезгилде кабар берилсе, өзгөрүүлөр учурдагы төлөмдөн кийинки төлөмдүн убактысы келгенче күчүнө кирбейт. Эгер жаңы баа жакпаса, ушул Шарттардын “Катталуудан баш тартуу” бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй, учурдагы эсептешүү мезгили аяктаганга чейин бизге алдын ала кабарлап, катталуудан баш тартсаңыз, эч кандай акы төлөбөй каласыз. Баа жогорулап, ага макулдук талап кылынган учурларда, жаңы баага макулдугуңузду бербесеңиз, катталууңуз токтотулат.
4. Катталуудан баш тартуу жана төлөмдөрдү кайтаруу
Катталуудан баш тартуу жана аны токтотуу. Эгер катталууну Жардам борборунда көрсөтүлгөндөй дароо токтотууга же башка баш тартуу укуктарына ээ болбосоңуз, катталуудан баш тартканыңызда, Google One кызматын учурдагы эсептешүү мезгили бүткөнчө пайдалана бересиз. Эгер сизде баш тартуу укугу болсо жана аны пайдалангыңыз келсе, сатып алуудан баш тартуу боюнча чечимиңизди сатуучуга ачык-айкын билдиришиңиз керек. Эгер баш тартуу мөөнөтүнүн ичинде кызматтты пайдалангыңыз келсе, сатуучуга келишимден баш тартуу тууралуу кабарлоодон мурун көрсөтүлгөн кызматтардын суммасын бөлүп төлөшүңүз керек.
Эгер Google One кызматын өчүрө турган болсоңуз, ошол замат анын кызматтарын пайдалана албай каласыз. Google One кызматынын артыкчылыктарын эсептешүү мезгилинин аягына чейин пайдалана бергиңиз келсе, аны өчүрбөстөн катталууну токтотуп коюңуз.
Төлөмдөрдү кайтаруу. Эгер Google One кызматына жазылууну же ЖИ бонустарын сатып алган болсоңуз, төлөмдү кайтаруу эрежелери колдонулат. Төлөмдү кайтарып алуу үчүн сатуучуга кайрылыңыз. Тийиштүү мыйзамга ылайык келишим менен чектелбей турган керектөөчүнүн укуктарына ээ болушуңуз мүмкүн. Бул Шарттар ал укуктарды чектебейт.
5. Кардарларды тейлөө кызматы
Google One айрым Google кызматтарында кардарларды тейлөө кызматтарын көрсөтүшү мүмкүн. Эгер кардарларды тейлөө кызматы өтүнүчүңүздү канааттандыра албаса, сизди тийиштүү Google кызматынын кардарларды тейлөө бөлүмүнө багыттайбыз. Эгер Google One кызматына катталуудан баш тартсаңыз же убактылуу токтотсоңуз, кардарларды тейлөө кызматына жолдонгон, бирок чечиле элек кайрылууларыңыз чечилбеген бойдон калат. Катталууңузду калыбына келтиргенден кийин жаңы кайрылуу тапшырууга туура келиши мүмкүн. Кардарларды тейлөө тууралуу кененирээк билүү үчүн Жардам борборубузга баш багыңыз.
6. Үй-бүлө менен бөлүшүү
Google One кызматына катталуунун айрым артыкчылыктарын үй-бүлөлүк тобуңуздун мүчөлөрү менен чогуу пайдалансаңыз болот (мындан ары - "Үй-бүлө менен бөлүшүү"). Эгер үй-бүлөлүк тобуңуз менен мындай артыкчылыктарды бөлүшкүңүз келбесе, Google One'да үй-бүлө менен бөлүшүү функциясын өчүрүп же үй-бүлөлүк топтон чыгып кетиңиз. Google One катталуусуна үй-бүлөлүк топтун мүчөлөрүн Google One тарифтик пландык башкаргычы гана кошуп же чыгара алат. Үй-бүлө менен бөлүшүү тууралуу кеңири маалымат үчүн Жардам борборубузга баш багыңыз.
Google One кызматын бөлүшкөн үй-бүлөлүк топтун мүчөлөрү бири-бири жөнүндө белгилүү бир маалыматты көрүп турушат. Эгер Google One кызматын чогуу пайдаланган үй-бүлөлүк топко кошулсаңыз, анын мүчөлөрү жана ошол топко чакырылган колдонуучулар сиздин аты-жөнүңүздү, сүрөтүңүздү, электрондук почта дарегиңизди, камдык көчүрмөлөрү сакталган түзмөктөрдү, сарпталган ЖИ бонустарды, ошондой эле пайдаланган сактагычтын көлөмүн көрө алышат. Үй-бүлөлүк топтун мүчөлөрү Google One катталуунун кошумча артыкчылыктарын ким колдонгонун көрүп турушат.
Эгер үй-бүлөлүк топтун Google One тарифтик пландык башкаргычы катары үй-бүлө менен бөлүшүү функциясын өчүрүп же үй-бүлөлүк топтон чыгып кетсеңиз, үй-бүлөлүк тобуңуздун башка мүчөлөрү Google One кызматын пайдалана албай калышат. Эгер Google One тарифтик пландын башкаргычы Google One'га мүмкүнчүлүгүн үй-бүлө менен бөлүшүү функциясы аркылуу берсе жана сиз үй-бүлөлүк топтон чыгып же Google One тарифтик планынын башкаргычы үй-бүлө менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн жоюп, ошондой эле үй-бүлөлүк топтон өзү чыгып кетсе, Google One кызматын пайдалана албай каласыз.
7. Мобилдик түзмөктөгү дайындардын камдык көчүрмөсүн сактоо жана калыбына келтирүү
Мобилдик түзмөктөрдө колдоого алынган камдык көчүрмөлөрдү сактоо жана сакталган көчүрмөлөрдү калыбына келтирүү (мындан ары - "Камдык көчүрмөнү сактоо жана калыбына келтирүү") сыяктуу Google One кызматынын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн пайдалансаңыз болот. Камдык көчүрмөнү сактоо жана калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн Google Фото сыяктуу кошумча колдонмолорду орнотуп, иштетүүгө туура келиши мүмкүн. Камдык көчүрмөнү сактоо жана калыбына келтирүү жөндөөлөрүн каалаган убакта Google One колдонмосунда өзгөртө аласыз. Эгер Google One кызматына катталууңузду убактылуу токтотсоңуз же баш тартсаңыз, Android'дун камдык көчүрмөлөрдү сактоо эрежелерине ылайык белгилүү бир убакыттан кийин "Камдык көчүрмөлөрдү сактоо жана калыбына келтирүү" бөлүмүндө сакталган дайындарды пайдалана албай калышыңыз мүмкүн.